Бишкекте өткөн кунг-фу турниринде жашы жете электер мушташышты
Бишкек шаарында кунг-фу боюнча өткөн турнирде мушташ болуп кетти. Мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарады.
13-апрелде Биринчи Май райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаңжалга катышкан бардык адамдар милицияга жеткирилди.
Учурда жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана тергөөчүлөр болгон окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында укуктук баа берилет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

