Ташиев кеткенден кийин Кыргыз футбол биримдигинин президентигине жаңы талапкер чыккан жок

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин жаңы курамы белгилүү болду.

КФБдин кезектеги конгресси бүгүн, 15-апрелде Бишкекте өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи вице-президент, үч вице-президент жана аткаруу комитетинин 8 мүчөсү шайланды.

Айгерим Сабралиева менен Тимур Ибрагимов аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлигин кайтарып алышты.

Мурунку аткаруу комитетинин курамынан Бахадыр Кочкаров, Максат Бейшембаев жана Максим Чо жаңы курамга кирбей калды.

КФБдин жаңы президентин шайлоо маселеси бул кызматка талапкерлер жок болгондуктан күн тартибинен алынды. Жаңы президент шайланганга чейин биримдиктин башчысынын милдетин биринчи вице-президент Нурдин Букуев аткарат.

2026–2030-жылдарга карата аткаруу комитетинин курамы:

Биринчи вице-президент:
    •    Нурдин Букуев

Вице-президенттер:
    •    Кайрат Эгембердиев
    •    Мирлан Акжигитов
    •    Жылдыз Таалайбек кызы

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:
    •    Аскар Салымбеков
    •    Азат Сакебаев
    •    Асылбек Кадралиев
    •    Өмүрбек Бабанов
    •    Эмиль Кутманов
    •    Уланбек Ногаев
    •    Канатбек Абдыкадыров
    •    Кудайберди Кожобеков.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз