"МЮ" Ливандын чемпионун жеңип, Азиянын Чакырык лигасынын жарым финалына чыкты

«Мурас Юнайтед» футбол боюнча Азиянын Чакырык лигасынын жарым финалына чыкты.

Турнирдин 1/4 финалдык оюндары 19-апрелде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

«Мурас Юнайтед» Ливандын учурдагы чемпиону «Аль-Ансар» командасына каршы ойноп, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Голдорду Денис Яскович, Алимардон Шукуров жана Андрей Бацула киргизишти.

Жыйынтыгында «Мурас Юнайтед» Азиянын Чакырык лигасынын жарым финалына чыгып, анда Кувейттин «Аль-Кувейт» командасы менен беттешет. Бул команда өз кезегинде Омандын «Аль-Шабаб» клубун 5:3 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык оюн 22-апрелде Бишкекте өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз