Өткөн жылы Оштогу жаңы базардан 41 млн сом ижара акы жыйналбай калган
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын мэри Ж. Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлган.
Анда мэр Жанар Акаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Эне-Сай” конушунун мамлекеттик актысы эми алынганын айтып, мындан ары системалуу иштер жүрөрүн айтты.
Депутат Айпери Ашимжан кызы жаңы базардан канча сом жыйналганын сурады.
Биринчи вице-мэр Оморбек Торобаев 2025-жылы жаңы базардагы ижара акыдан 8 млн сомдон ашык акча жыйналып, 41 млн сом жыйналбай калганын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

