Сузакта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун туннелин куруу иштери башталды

Бүгүн, 29-апрель күнү Сузак районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттеринин бири болгон туннелдин курулушу расмий түрдө башталды.

Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалгандай, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, бул темир жол долбоорунун стратегиялык маанисине токтолду.
 
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батышты байланыштыра турган маанилүү көпүрө. Бул долбоор экономикалык өсүшкө, аймактар аралык байланыштарды чыңдоого жана миңдеген жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Биз жөн гана жол эмес, келечек куруп жатабыз,” — деди Бакыт Төрөбаев.
 
Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы” биргелешкен ишканасынын жетекчилери да катышып, бул темир жолду “биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу” деп аташты.
 
Курулушу башталган туннелдин узундугу 12 чакырымды түзүп, ал Сузак районунан башталып, Тогуз-Торо районуна чейин созулат. Мындан тышкары, дагы эки ири туннелдин курулушу да пландалууда. Жалпысынан Кыргызстандын аймагындагы темир жол 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, 4 млрд 700 млн доллардык инвестициялык баага ээ.
 
Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашуун адам тартылары күтүлүүдө. Долбоор алкагында жалпы узундугу 120 чакырым болгон 46 көпүрө жана 27 туннел курулат. Бул болсо темир жолдун 40 пайызы татаал инженердик курулуштардан турарын көрсөтөт.
 
Темир жолдун курулушуна расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында берилген. Анда Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын президенттери бул долбоордун тарыхый жана геосаясий маанисин белгилешкен.
 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз