Жанар Акаев Нариман Түлеев менен Оштогу курулушун тездетүү боюнча сүйлөшкөнүн билдирди
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын мэри Ж. Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлган.
Депутат Бексултан Үсөнов Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча сурады.
Оморбек Торобаев “Санарип Ош” программасы аркылуу инвентаризациялоо болуп жатканын айтты.
Ошондой эле эл өкүлү ГЧП десе эле айыл чарба багытындагы жерлер берилип кетип жатканын кошумчалады.
Жанар Акаев сөзгө аралашып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча иштер бар экенин, иштер дале болсо жүрөрүн айтып, алгач шаардагы курулуштарды иреттеп алышы керектигин билдирди.
“Сулайман молл” боюнча Нариман Түлеевди чакырып, сүйлөштүк. Ош шаарында курулуштар бүтпөй, созулуп жатканын айттык. Ал киши августун аягына чейин аракет кыларын айтты”, - деди Жанар Акаев.
Депутат Исхак Майлиев Ош облустук ооруканасынын айланасынданы унаа токтоочу жайды сурап, жарандар ал жайга канча төлөп жатканына кызыкты.
Оморбек Торобаев аталган унаа токтоочу жайды Ош мэриясы курганын, унаа токтоочу жайдын алгачкы бир сааты акысыз экенин, андан кийин саатына 30 сомдон төлөнөрүн айтты.
Эл өкүлү ошол унаа токтоочу жайды акысыз кылып коюуну сунуштады.
“Анткени, ооруканага ар түрдүү адам келет. Кээде акчасы жок болуп, бирок жакынын ооруканага алып барып калышы мүмкүн”, - деди депутат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

