Жеңишбек Токторбаев 22 артистке белек кылган батирлер мэриянын балансына өтүшү мүмкүн
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын мэри Ж. Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлган.
Учурда «Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28- сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» маселе каралууда.
Анда Ош шаарынын курулуш тармагы боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев баяндама жасап, үйлөрү бузулуп кеткен жарандарды көчөдө таштабашы үчүн мэрия учурунда ипотекалык үйлөргө аталган жарандарды киргизкенин айтты.
«Үйлөрү бузулуп кеткен жарандарды көчөдөгө таштабашы үчүн мэрия тарабынан ошол учурда 67 жаранды муниципалдык ипотекалык үйлөргө киргизип коюшкан. Ошондой эле театрдын артистерин да ошол көп кабаттуу үйгө киргизип коюшкан да. Азыр тилекке каршы ошол жарандарга үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү боюнча юридикалык талаага келе албай жатабыз. Бул маселе комитетте да каралган. Аябай кызуу талкуу болуп, комитетте колдоо тапкан», - деди Пайзиев.
Депутат Бекболот Арзибаев учурунда артистерге үй берилгенин, ошол үйлөрдү бергенге мыйзам жол береби деп сурады.
Шумкарбек Пайзиев: «Урматтуу депутат, азыр жобо боюнча ипотекалык ишкана үйлөрдү балансына алып туруп, ипотекалык шартта бериши керек. Азыр биз эми мажбур иретинде сиздерге сунуштап жатабыз. Ипотека ишканасы курган үйдү, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча. Азыркы күн тартибине коюлган маселе, 67 жаранга, 3 эм төрөгөн үй-бүлөлөргө, 23 артистке бөлүп берүү боюнча маселе эмес. Күн тартибине коюлган маселе ипотекалык үйдү Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча коюлуп жатат. Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алгандан кийин андан ары кандай кылып бөлүп беребиз – ал өзүнчө маселе. Азыр учурда жобого гана өзгөртүү киргизип берсеңиздер, аны өзүбүз муниципалдык менчикке алабыз», - деди Пайзиев.
Бекболот Арзибаев: «Түшүндүм, ошондо берки актрисаларга үй бериле элек экен да ээ?»,- деди ал.
Шумкарбек Пайзиев: «Жок, азырынча берилбейт. Азыр 96 батирди МИБдин балансынан Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн ипотекалык ишкананын жобосун өзгөртүп беришиңер керек. А аны баланска алуу да мэриянын маселеси. Азыр ошол жобонун 5-пунктун өзгөртүп берүүңүздөрдү эле суранып келдик. 5-пункт кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн? «Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү чечимдеринин негизинде башка максатка пайдаланууга укуктуу» болуп өзгөрөт. Жобонун ошентип өзгөргөн пунктунун негизинде ипотекалык ишкана курган 96 батирди мэрия муниципалдыкменчикке өткөрүп алат. Андан ары ла батирлерди кандай шартта бөлүп беребиз, аны комиссиялык негизде чечебиз», - деди ал.
Бекболот Арзибаев: «Ошондо силер балансыңарга аласыңар, бирок аны ипотекалык ишкана курганда да. Ал ишкананын зыянын ким төлөп берет?», - деди депутат.
Шумкарбек Пайзиев МИБ зыян тартпастыгын, анын зыянын мэрия жер берүү менен төлөп берерин айтты.
«МИБдин ишмердүүлүгүнө балта чабылбайт. ӨЗүңүздөр билесиздер, МИБдин түзүүчүсү Ош мэриясы. Туура айтасыз, МИБ кайслыбир убакка чейин аксашы мүмкүн. Биз МИБдин зыянын ордун жер менен толтуруп беребиз. Андан сырткары, МИБ эки программа менен иштейт. Бири – ипотека, экинчиси – үлүштүк каржылоо. Үлүштү каржылоо менен азыр 19бу, 17би объект курулуп жатат шаарда, өзүңүздөр бекитип берген токтом менен ошол үлүштүк курулуштан түшкөн 3 пайыздык акча каражаты мэриянын бюжетине түшүшү керек. Бирок, бирок биз азыр чечим кабыл алып, ошол мэриянын бюджетине түшө турган 3 пайыздык акчаны МИБдин балансына түшө турган кылалы деп жатабыз, ошол компенсациялык негизде. Ушунда жолдор менен муну биз бат эле кутулабыз», - деди ал.
Натыйжада депутаттар бул маселени колдоп беришти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

