Милиция кызматкерлеринин кармалышы: Эки кызматкер жумуштан алынып, 12си жазаланды
20-апрелде Бишкек ШИИБде ыкчам жыйын өткөрүлдү. Бул жыйын борбор калаанын милициясынын жетекчи курамына жана өздүк курамына ички иштер министри Улан Ниязбековдун мыйзамдуулукту сактоо боюнча кайрылуусун жеткирүү максатында уюштурулганын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Бишкекте ички иштер органдарынын кызматкерлерин кармоо учурлары бир нече жолу катталып, андан кийин ИИМ башчысы кармоолордун көбөйгөнү тууралуу түшүндүрмө берген.
Бишкек шаардык ИИББнын башчысы Азамат Токтоналиев министрдин талабы менен системада көзөмөл күчөтүлүп, жетекчилердин тартип жана мыйзамдуулук үчүн жоопкерчилиги катуулатылып жатканын билдирди. Ал коррупцияга жана кызматтык кыянаттыкка жол берилбей турганын, ошондой эле ачыктык жана принципиалдуулук аркылуу жарандардын ишенимин арттыруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында 14 жетекчиге карата дисциплинардык чаралар көрүлүп, алардын ичинен экөө ээлеген кызматынан бошотулду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

