Кофекананын жарнамасы социалдык тармактарда чуулгандуу окуяга себеп болду
Бишкекте кофеханалардын бири коомчулукта резонанс жараткан жарнамалык ролик тартты. Жарыяланган материалдагы кыргыздарга каршы маанайдагы (антикыргызча) берилиши үчүн анын авторлору сынга кабылды.
Бул тууралуу 23-апрелде «Сводка АКИpress» редакциясына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Ошондой эле милиция кызматкерлери аталган жайдын администрациясы менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырышты.
Укук коргоо органдары борбор калаанын тургундарын жана конокторун мамлекеттик тилге урмат менен мамиле кылууга жана чыдамсыздыкты жайылтпоого үндөштү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

