Садыр Жапаров ШКУнун коргоо министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 28-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды. Алар коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келишкен.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган өлкө катары коргонуу тармагындагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны күчөтүү бар.

Жапаров коргоо министрлеринин жыйынында жетишилген макулдашуулар ШКУ алкагындагы коргонуу кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз