Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Кыргызстанга келди

Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имаратына келди. Аны Садыр Жапаров тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу аземи Улуттук гвардиянын оркестри тарабынан Того өлкөсүнүн гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң мамлекет башчысы жана Того өкмөт башчысы аскерлердин катарына барып, Эссозимна Гнассингбе аларды «Салам, аскер!» деп учурашты. Мындан кийин алар этно-аскердик салттарды чагылдырган көрсөтмө менен таанышышты.

Расмий бөлүктөн кийин тоголук саясатчы Кыргызстан делегациясы менен учурашып, андан соң Садыр Жапаров Того делегациясын тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттар боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Бул сапар Кыргызстан менен Африка континентиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык тарыхында жогорку деңгээлдеги алгачкы визит болуп калат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз