Жогорку Кеңештин депутаты Камчы Көлбаевдин мүлктөрүнүн тагдырына кызыкты
30-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев маркум Камчы Көлбаевдин мүлкү мамлекетке өткөрүлгөнү тууралуу маалыматтар жарыяланганын билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Анын айтымында, мурда бул мүлктөрдүн толук тизмеси коомчулукка сунушталган, бирок азыркы учурда алардын көбүнүн тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Депутат белгилегендей, Көлбаев жашаган үй тууралуу гана маалымат бар — ал бала бакчага айландырылган. Ушуга байланыштуу Жороев калган мүлктөр эмне болгонун сурады.
Ошондой эле депутат мамлекетке өткөн мүлктүн бир бөлүгүн мурдагы УКМК кызматкери Эльдар Жакыпбеков («Эду» деген ат менен белгилүү, мурда Бишкек шаары боюнча УКМК башкармалыгын жетектеген) жеке менчиктештирип алган деген маалымат чындыкка туура келеби деп кызыкты.
Бул суроого жооп берип жатып, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев ведомстводо мамлекеттин балансына өткөн мүлктөрдүн тизмеси бар экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, айрым объектилер сатылган, айрымдары социалдык муктаждыктар үчүн берилген.
«Көлбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн мүлкү боюнча жазуу түрүндө жооп беребиз. Бизде тизмеси бар, анын ичинде сатылгандары да, социалдык багытта берилгендери да бар. Бирок “Эду” алган мүлктөрдүн саны боюнча бизде маалымат жок», — деди ал.
Маселенин тарыхы
2023-жылдын 9-октябрында УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен табылган делген мүлктөрү тууралуу маалымат тараткан.
Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында «Блондер Пабда» өлтүрүлгөн. УКМКнын маалыматына ылайык, ал кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн.
Көлбаевдин мүлкү
Унаалар:
- 60тан ашык кымбат автоунаа, анын ичинде брондолгон «Майбах» жана «БМВ 7».
Ысык-Көлдө:
- «Каганат» эс алуу борбору (Чолпон-Ата) — $50 млн;
- «Барс» этнокомплекси (Кара-Ой);
- «Ак-Марал» эс алуу борбору — $30 млн;
- «Каганат Резорт» (курулуп бүтө элек) — $30 млн;
- Бостеридеги жер тилкеси — $2 млн;
- «Барашек» кафеси жана соода комплекси — $2,5 млн;
- Турак жай комплекси — $2 млн;
- Бетон заводу — $1,5 млн;
- «Блондер Паб» — $1 млн;
- «Народный» дүкөнү — $500 миң;
- «Булат-М» аңчылык чарбасы — $1 млн;
- Курулушу бүтө элек объект — $500 миң;
- Ат сарай — $500 миң;
- Жеке үй — $200 миң;
- Сугат жер — $150 миң.
Бишкекте:
- «Олокон» турак жай комплекси — $40,4 млн;
- «Блондер Паб» — $3,5 млн;
- MOQO кофейнясы — $1 млн;
- Ар кандай коммерциялык имараттар жана жер тилкелери (баалары $120 миңден $2 млнго чейин);
- Бир нече жеке үйлөр.
Батирлер:
- Баасы $130 миңден $815 миңге чейинки бир нече батир.
Чүй облусунда:
- «Салкын тор» коттедж шаарчасы — $24 млн;
- Таш-Дөбөдөгү жер — $4 млн;
- Орто-Сайдагы үйлөр — $500–700 миң;
- Лебединовкадагы объект — $300 миң.
Дубайда:
- Көлбаевдин күйөө баласына катталган үй.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

