"Ак шумкарлардын" Азия чемпионатындагы атаандаштары белгилүү болду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогунун тайпалык баскычындагы атаандаштары аныкталды.

Турнир 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Арабияда 24 курама команданын катышуусунда өтөт.

10-майга караган түнү Эр-Риядда чүчүкулак тартылды, анын жыйынтыгында командалар алты тайпага бөлүнүштү.

Кыргызстандын курама командасы Иран, Сирия жана Кытай командалары менен биргеликте С тайпасына кирди.

9-январда биринчи турда кыргызстандыктар Сирия курама командасына каршы ойнойт.

Тайпадан 1-2-орунду ээлеген командалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле 3-орунду ээлеген төрт мыкты команда 1/8 финалга жолдомо алат.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз