Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болобу?
Кыргыз футбол биримдигинин шайлоо комитети жетекчилик кызматтарга талапкерлерди бекитти, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Биримдиктин кезексиз конгресси, анын алкагында биримдиктин президентин жана аткаруу комитетинин бош орундарына талапкерлерди шайлоо 12-майда өтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев биримдиктин президенти кызматына жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү.
Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов талапкерлигин коюшту.
Буга чейин аталган кызматты Камчыбек Ташиев аркалап келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

