Ош: Жашоочулар көп кабаттуу үйдүн үстүндөгү ресторандан суу өтүп, жашоочулардын батирлерине кирип кеткенин даттанышты

Ош шаарынын Абсамат Масалиев №44 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн үстүндөгү ресторанга суу өтүп, жашоочулардын үйлөрүнө кирип кетет. Бул тууралуу бүгүн, 13-май күнү Курманжан-Датка МАБынын тургундары менен Ош шаарынын мэринин жолугушуусунда аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Гүлнара Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин экс-депутаты курган көп кабаттуу үйдүн үстүндө ресторан жайгашкан. Ресторанга суу өткөн учурда саркынды суулар жашоочулардын батирине чейин кирип кетет.

«Экс-депутат көп кабаттуу үйдүн үстүнө мыйзамсыз ресторан куруп алган. Ошол ресторандын түбүндө биз саркынды сууда жашап жатабыз. 10 жылдан бери ушул маселе чечилбей келе жатат. Ресторандын лифтин алып, үстүн жаптырып берсеңиз. Анан үйүбүздүн унаа токтоочу жайы жок. Балдар ойноочу аянтча жок. Ушул ресторан боюнча иш азыр сотто турат. Ушуну сот ошол жерде жашаган жашоочуларга адилеттүү чечим чыгарып берсе жакшы эле. Жашоочулардын атынан келдим», - деди ал.

Жанар Акаев белгилегендей,  бир нече күн мурун көчөдө жүргөн учурда аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары ага кайрылып, батирлерин көрсөтүп чыгышкан.

«Өткөндө көчөдө жүрсөм, жолдон жолугуп, алып барышкан. Чындыгында акыбал оор. Жаан жааганда тамчы эң жогорудан биринчи кабатка чейин түшүп, жашоочулар аябай кыйналып жатыптыр. Биз бул боюнча ГАСК (Ош шаардык архитектура-курулуштарды контролдоо башкармалыгы) менен да сүйлөштүк. Бардык тиешелүү органдарга айттык. Ошол жерде жанагы лифти алуу боюнча, ресторанды жаап, анан силер айтып жаткан тамчы суу тынчтык бербей жатканы боюнча бүт билебиз. Биз ошол жердеги жашоочулардын кызыкчылыгын коргойбуз. Ошол жерден чечкиндүү кадамдарга барабыз. Бул боюнча соттун чечими чыгарына аз калды. Ошол жашоочулардын арызын канааттандырып беребиз. Анткени, жаан жааганда чын эле бардыгына суу өтүп, саргайып, жүдөп, көчүп, аябай акыбал оор экен. Бул боюнча аз күндө чечкиндүү кадамдарга барабыз», - деди мэр.

"Корона" деп аталган турак жай Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шарапат Мажитовага таандык экени айтылып жүрөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз