УКМКнын төрагасынын орун басары телефондорду билдирбей укса болорун билдирди

Адамдар атайын кызмат же тиешелүү органдар телефонду тыңшаганын билбейт, деп билдирди УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 12-майда Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Комитет Санариптик кодексти биринчи окууда кабыл алууга байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун карады.

Депутат Исманали Жороев бардык телефондордо тыңшоочу аппарат барбы деп сурады.

«Бүт эле телефондордо "прослушка" бар да. Бирок кандайдыр бир купуя сөздөр айтылгандан кийин иштейт. Туурабы? Же андай эмеспи? Мисалы телефон менен сүйлөшүп жатканда "тыңшалып жатат" деп билдирүү чыгып, угулбай калат. Бул "прослушкабы" же жокпу?» - деп суроо салды.

УКМКнын төрагасынын орун басары телефонду атайын кызмат же тиешелүү органдар тыңшап жатса, анда бул функцияны билүү мүмкүн эместигин айтып, жооп берди.

«Атайын кызмат, же болбосо, атайын органдар, телефонду уга турган болсо, сиз ал функцияларды билбейсиз. Биз билдирбей эле угабыз. Анын бардык механизмдери азыркы алып келген мыйзамдын долбоорунда бар. Улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер органдары телефондорду укканда, Конституциянын негизинде гана өзүнүн ишмердүүлүгүн алып барат.

Экинчиден соттун чечиминин негизинде гана», - деп жооп берди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз