«Мындай мектеп Ошто жок»: Оштун мэри Орусия заманбап мектеп куруп берерин ачыктады
Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.
Жыйындын жүрүшүндө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Барсбек участкасынын тургуну Зуур Амирбеков буларга токтолду.
«Барсбек участкасында 300дөн ашык үй бар. Биз газды да, электр энергиясын да өзүбүз алып келгенбиз. Биздин көйгөйүбүз боюнча, канализация маселеси бар. Биз септикте отурабыз. Таңга маал туруп, ошонун жытын жыттап турабыз. Экинчи көйгөйбүз, биздин участкага ФАП куруу үчүн жер бөлүнгөн экен. Курула элек. Биз полклиникалардан алыспыз. Үчүнчү маселе: биздин участкада 6 гектар жер бар. Ал жерге орус тарап мектеп, поликлиника куруп берет деп угуп жатабыз», - деди ал.
Мэр Жанар Акаев орус тарап менен сүйлөшүп, аталган жаран айткан жерге заманбап мектеп куруларын айтты.
«Сиз айткан жанагы «Жаннат» мейманасынын ылдый жагындагы жер боюнча, мен Орусия тарап менен сүйлөштүм. «Эмне үчүн кечеңдеп жатат?» деп, ал жерге заманбап мектеп, бассендери менен, спорт комплекси менен, укмуш, Ошто жок мектеп курулат. Ошто андай мектеп болот го, бирок, азыр жок. Мен орус тарапты чакырыдм, алар Ошко келди, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сүйлөөшүүлөрдү жүргүзүү менен, алар «ишти өтө тез, ыкчам баштайбыз» дешти. Анткени, ошол жерде билесиз да, эстакадалык көпүрө курулуп жатат. «Ошол курулуп жатканда учурда силер да куруп алсаңар болот эле, бул жакты кайра-кайра чаңыта бербей» дедим. «Ошол мектепти максималдуу түрдө эртедетебиз» деп орус тарап айтып кетишти. Анын аягына чыгабыз», - деди ал.
«Ошшаарсууканал» ишканасынын жетекчиси Талант Байкишиев аталган участкага МИБдин үйлөрү курулуп жатканын, союз учурунда ошол жакта канализация тартылган линия болгонун, МИБге тартыла турган канализациялык линияга аталган участканы кошуп койсо болорун билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

