Жанар Акаев Ошто ишкерге тоскоолдук болуп, Грузияга заңгыраган мейманкана салганын айтты
Чочкоканага газоблок чыгара турган ишкана ачып, 2 жылдан бери Ош шаарында иши бүтпөй, ишкана 2 жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-май күнү Ош шаарынын мэринин Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Айсалкын Токсонбаева билдирди.
Анын айтымында, учурунда союздан калган чочкокананын оңдоп, айыл өкмөттөн ижарага алып, акиташ чыгарган ишкана ачкан. Кийин жергиликтүү тургундардын даттануусу менен 45 миң долларга газоблок чыгара турган аппарат сатып алып, иштейин дегенде айыл өкмөт шаарга кошулуп кеткен. Андыктан, аталган жаран 2 жылдан бери ижара маселесин чече албай келет.
«Мен жеке ишкермин. Ушул айыл өкмөттүн Учар айылынын жашоочусумун. Мен Каракол участкасындагы биринчи ташкороонун, илгери союз убагындагы чочкоканы айыл өкмөттөн келишимдин негизинде ижарага алып, аки таш чыгара турган ишкана кылып иштетип жүрдүм. Ал учурда тургундар «экологиялык жактан бизге зыян болуп жатат» дешкенинен ал ишти токтотуп, Өзбекстандан 45 миң долларга газоблок чыгара турган аппарат алып келип, трансформатор орноткомун. Акими, айыл өкмөттөр барып, «ишкер айым» деп мактап, грамотасын берип, ачылышын кылып келишкен. Анан мен ишти баштайын дегенде Учар айылы шаардын карамагына өтүп кетти. Шаарга өтүп кеткенден кийин «шаар менен келишим түзөйүн» деп шаардык архитектурага барсам, «Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына арыз жаз» деди. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына арыз жазсам, ал эшикке, бул эшикке жиберип, документип бүтпөй, 2 жылдан бери ошол ишканам иштебей турат. Мен 24 пайыз менен насыя алып, ошол ишкананы кургам. Ошонгу төлөйм деп мен Араванга барып, баш калкалайм, башка жерге барып баш калкалап, насыямды төлөп, «кызыл китебимди» алганыма 20 күн болду.
Анан мурунку мэрди кубалап жете албай койдум. Ал өтө тез басат экен. Азыр өкмөткө мен 35 миң сомдон салык төлөйм", - деди Токсонбаева.
Жанар Акаев аталган ишкерге эмне жана ким тоскоолдук кылып жатканын сурады.
«Шаардагылар «документиң жок, документиңди тууралап кел» дейт», - деп жооп берди ал.
Акаев: «Эмне документи жок?».
Айсалкын Токсонбаева: «Ушу ижарага алып иштетели деп жатабыз».
Жанар Акаев: «Биздин балдарбы, архитектурабы, «УМСпи», ким?».
Айсалкын Токсонбаев: «УМС ке барып, арыз жаз дейт. Арыз жазсам, пожарныйга бар дейт, башкага бар дейт. Уруксат бербейт. Көңүлүм көк таштай калды. Алдына барбай эле коеюн деп, ишкананын заң бастыбы, не болду деп барсам, ошол мезгилде Мырзакматовдун эле шагыл завод иштетчү эле. Азыр барсам 10дой завод иштеп жатыптыр. Бирок менин гана ишим болбой жатат, ишим жүрбөй жатат».
Жанар Акаев: «Азыр УМСтин жетекчисин, архитектураны – баарын чакыргыла дагы, Айсалкын эжени кабыл алып, тез арада документтерин чечип бергиле. Мэриянын кызматкерлерин «ишкерлерге болгон мамилеңерди таптакыр өзгөрткүлө» деп айтып жатып, азыр өзгөрдү, эже. Ишкерлер келгенде, «жок дейбиз» деген саясат болбошу керек. Мисалы, насыя алып жаткан болсо бул эже, салык төлөйт, ал жерде бир канча адам иштемек. Бул пайда да.
Мына өткөндө бир ишкер келип, мен барып бизнесин көрүп келдим. Тоскоолдук болуп 7 ай мурун млндогон долларларын Ошко алып келип, иши бүтпөй, Грузияга алып кетиптир. Грузияда заңгыраган мейманкана салыптыр. Ошол акчанын баары Ошто калмак да. Тоскоолдукдун айынан мейманканаын Грузияга – Тблисиге куруптур. Ошондуктан, ишкерлерди качырбай, бюрократияны жоюп, документтерин жоюп, тез арада мага маалымат бергиле».
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

