Кытайлык инвесторлор Ош облусуна 430 млн долларлык логистикалык борбор курушат
Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында логистикалык борбордун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов катышты.
Долбоор “Кыргызкөмүр” ААКсы менен Кытайдын Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd. компаниясынын стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылууда. Жалпы инвестиция көлөмү 430 миллион долларды түзөт. Долбоор көмүр тармагындагы логистикалык инфраструктураны модернизациялоого багытталган.
Демилгенин негизги максаты — Текелик кенинен казылып алынган көмүрдү заманбап логистикалык система аркылуу “Эркечтам” өткөрмө бекети аркылуу экспорттоо, транспорттук чыгымдарды азайтуу жана Кыргызстандын тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Нура айылында 10 гектар аянтка логистикалык борбор курулуп, анын курамына көмүр байытуучу эки фабрика жана чийки затты ташуучу конвейердик система кирет. Объект пайдаланууга берилгенден кийин 100дөн ашуун туруктуу жумуш орду түзүлөт.
430 миллион долларлык инвестициянын алгачкы этабында 50 миллион доллар бөлүү каралган. Көмүр ташуу кубаттуулугун жылына 10 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Биринчи этапта узундугу 7,7 чакырым болгон конвейердик система курулса, кийинки этаптарда анын жалпы узундугу 157 чакырымга чейин көбөйөт.
Учурда долбоор боюнча экспертизаларды өткөрүү, уюштуруу иштерин камсыздоо жана техникаларды мамлекеттик чек арадан “жашыл коридор” режими аркылуу өткөрүү иштери аткарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

