Улан Сарбанов Венгрия-кыргыз фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды
Улан Сарбанов Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү №341-т тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 18-майында кол койгон.
Документке ылайык, Сарбанов Улан Кытайбекович 2026-жылдын 25-майынан тартып 3 жылдык мөөнөткө аталган кызматка дайындалды.
Тескеме «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставына ылайык кабыл алынган.
Улан Сарбанов бул фондду 2023-жылдын май айынан бери жетектеп келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

