Кыргызстандын калкынын этникалык курамы. Кыргыздардын саны канча?
2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллион адамды түздү. Өлкөдө эң көп жашаган улут — кыргыздар. Алардын саны 5,76 миллион адамга жетип, жалпы калктын 77,8 пайызын түзөт, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Акыркы жылдары Кыргызстанда төрөлүүнүн деңгээли төмөндөп жатканы байкалууда. 2025-жылы республика боюнча 140,5 миңден ашуун аял эне болгон. Маалыматтарга ылайык, орточо эсеп менен кыргызстандык аял биринчи баласын 23–24 жашында төрөп, өмүрүндө орто эсеп менен үч балалуу болот.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда КМШдагы көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, калктын саны өсүүдө. Башкача айтканда, өлкөдө калктын кеңейтилген кайра өндүрүлүшү камсыз болууда.
2000-жылы өлкөдө 96 миң 770 ымыркай төрөлгөн болсо, 2000-жылдардын ортосунда бул көрсөткүч 109–120 миңге жеткен. 2007–2013-жылдары төрөлгөндөрдүн саны дагы өсүп, жыл сайын 123 миңден 155 миңге чейин бала төрөлүп турган.
Төрөлүүнүн эң жогорку көрсөткүчү 2018–2019-жылдары катталган. Ал жылдары жыл сайын 171–173 миңден ашуун бала төрөлгөн. Андан кийин төмөндөө башталып, 2020–2025-жылдары төрөлгөндөрдүн саны 158 миң 112ден 140 миң 504кө чейин азайган.
Акыркы 15 жылдагы маалыматтарды карасак, Кыргызстандын калкы дээрлик 2 миллион адамга көбөйгөн. Мисалы, 2011-жылдын башында өлкөдө 5,5 миллион адам жашаса, 2026-жылдын башында бул көрсөткүч 7,4 миллионго жеткен.
Калктын табигый өсүшү жыл сайын орто эсеп менен 110 миң адамдын деңгээлинде сакталууда.
Кыргызстандын этникалык курамында кыргыздар эң көп улут болуп эсептелет — 5,76 миллион адам же жалпы калктын 77,8 пайызы. Экинчи орунда өзбектер турат — 1,06 миллион адам (14,3%). Орустар калктын 3,7 пайызын түзүп, алардын саны 270,2 миң адамды түзөт. Дунгандар менен тажиктердин жалпы саны 137 миңге жакын (1,9%), ал эми башка этносторго 2,3 пайыз туура келет.
2021–2025-жылдары көпчүлүк этностордун саны азайганы байкалган. Бирок тажиктердин, өзбектердин жана түркмөндөрдүн саны өскөн. Ошол эле учурда кыргыздардын калктын жалпы курамындагы үлүшү 4 пайыздык пунктка көбөйгөн.
Акыркы жылдары кыргыздардын саны туруктуу өсүүдө: 2011-жылы 3,93 миллион адам болсо, 2022-жылы 5 миллионго жеткен, ал эми 2026-жылы 5,76 миллион адамды түзгөн. Бул кыргыздарды өлкөдөгү эң ылдам өсүп жаткан негизги этностук топ кылууда.
Өзбектердин саны дагы акырындап өсүп жатат: 2011-жылы 786 миң адам болсо, 2022-жылы 999 миңге, ал эми 2026-жылы 1,06 миллионго жеткен.
Башка этностор боюнча көрсөткүчтөр ар түрдүү. Тажиктердин саны 2011–2022-жылдары 47,3 миңден 60,1 миңге чейин көбөйгөн. Ошондой эле казактардын, азербайжандардын, түркмөндөрдүн жана дунгандардын саны бир аз өскөнү байкалат.
Ал эми айрым этностордун саны азайган. Орустардын саны 2011-жылдагы 394,7 миң адамдан 2022-жылы 335,2 миңге түшүп, 2026-жылы 270,2 миң адамга чейин кыскарган. Ушундай эле тенденция украиндерде, татарларда, немистерде, белорустарда жана жөөттөрдө да байкалууда.
Айрыкча уйгурлардын саны кескин азайганы белгиленет: 2022-жылы алардын саны 61 миңге чейин өскөн болсо, 2025-жылга карата 34,4 миң адамга чейин төмөндөгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

