Араванга 150 млн сомдук стадион салынат

Бүгүн, 26-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.

Жолугушууга  Ош облустук сотунун төрагасы  Эрлан Асанов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев жана райондогу мекеме-ишкалардын жетекчилери катышууда.

Анда Президенттин өкүлү Курулуш министрлиги Араван райондук оорукана боюнча маселени карап жатканын, Юсупов айыл өкмөтүнүн 2 гектар жерине 150 млн сомдук стадион куруларын айтты.

«Президент келгенде ушул жерде көп маселелерди айттыңыздар эле. Көбүнчө силер оорукана боюнча кайрылдыңар эле. Райондук оорукана боюнча. Курулуш министрлиги тапшырманы алып, аны аткарып жатат. Андан тышкары, дагы бир чоң маселе көтөрдүңөр эле. «Жаштардын стадиону жок, жаңы спорт залы жок» деп көтөрдүңөр эле, Юсупов айыл өкмөтүндө 3 гектар жер бар экен, ошонун 2 гектар жерине стадион куруу боюнча 150 млн сом акча бөлүп берди. Андан сырткары, кышта жаштар ойноочу спорт аянтчасы боюнча да 100 млн сом бөлүндү», - деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз