АКШ Ирандагы аскердик объектке сокку урду. Тегеран америкалык аба базасына сокку урганын жарыялады

Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык аскерлер Иранга жаңы сокку уруп, аскердик объектти бутага алышты жана Ормуз кысыгынын аймагында коркунуч жараткан төрт ирандык учкучсуз аппаратты атып түшүрүштү. Бул тууралуу шаршемби күнү америкалык аткаминер Reuters агенттигине билдирди.

Анын айтымында, америкалык аскерлер Бендер-Аббастагы Ирандын жер үстүндөгү башкаруу пунктуна сокку урган. Ал жерден бешинчи дронду учурууга даярдык көрүлүп жаткан.

«Бул аракеттер кылдат эсептелген, толугу менен коргонуу мүнөзүндө болгон жана ок атышууну токтотуу режимин сактоого багытталган», — деди ал.

Ирандык маалымат каражаттары болсо бейшембиге караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30 чамасында аталган аймакта үч жарылуу болгонун кабарлашты.

Бул билдирүү АКШ президенти Дональд Трамп министрлер кабинетинин жыйынында Ирандын мамлекеттик телеканалы тараткан маалыматты четке каккандан бир нече саат өткөндөн кийин жасалды. Ал маалыматта Иран менен Оман согушка чейинки деңгээлде Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин жүрүшүн бир ай ичинде калыбына келтирүү боюнча расмий эмес келишим долбоорун даярдаганы айтылган. Долбоорго ылайык, Иран менен Оман кемелердин кыймылын биргелешип көзөмөлдөшү керек болчу.

Трамп болсо эч бир өлкө бул суу жолун көзөмөлдөбөй турганын айтып, Оманга коркутуу жасады.

«Бул — эл аралык суулар. Оман башкалар сыяктуу эле жүрүшү керек, болбосо биз аларды талкалап салабыз. Алар муну түшүнүшөт жана баары жайында болот», — деди АКШ президенти.

Иран телеканалынын билдирүүсүндө ошондой эле АКШ Иран портторуна коюлган блокаданы алып салып, Ирандын айланасындагы аскерлерин чыгарары айтылган.

Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Ebrahim Azizi Трамптын «риторикасы» Иранды уран байытуу, Ормуз кысыгын көзөмөлдөө жана санкцияларды алып салуу боюнча талаптарынан баш тартууга мажбурлай албасын билдирди.

Кийинчерээк бейшемби күнү Ислам революциясынын Сакчылары корпусу АКШ Бендер-Аббас аэропортунун аймагына сокку ургандан кийин америкалык авиабазага жооп иретинде чабуул жасалганын билдирди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги маалымдады.

КСИРдин маалыматына ылайык, сокку жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 04:50дө жасалган. Бирок аскерлер базанын так жайгашкан жерин ачыкташкан жок.

Иран тарап жаңы чабуулдар болсо жооп «андан да чечкиндүү» болорун эскертип, мүмкүн болчу кесепеттер үчүн жоопкерчиликти «агрессорго» жүктөдү.

Дүйшөмбү күнү да америкалык аскерлер Ирандын түштүгүнө сокку урган. АКШ муну коргонуу чарасы деп атаган, бирок Иран апрелдин башында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу режиминин «одоно бузулушу» деп эсептейт. АКШ Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, бутага америкалык күчтөргө коркунуч жараткан миналарды орнотууга аракет кылган кайыктар жана ракеталык түзүлүштөр алынган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз