Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сотко келишти
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев катышкан бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сот отуруму 28-майда Биринчи Май райондук сотунда өттү, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.
Сотко мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев келишти.
Ошондой эле тергөө абагынан айыпталуучулар — Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев жеткирилди.
Нурланбек Тургунбек уулу журналисттерге коюлган айып менен макул эместигин билдирди.
Ал эми Курманкул Зулушев сот процесси жашыруун өтүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.
Камчыбек Ташиевден комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

