Ош облусуна 180 млн сомдук 100 жаңы техника келет
2 айдын ичинде Ош облусуна 100 жаңы техника келет. Бул тууралуу 26-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев жана райондогу мекеме-ишкалардын жетекчилери катышты.
Анын айтымында, айыл өкмөттөр көбүнчө айыл жумуштарын аткарууга техника сурайт, андыктан жаңы техникаларды алып берүү чечими кабыл алынган.
«Мен ачыгын эле айтып кетейин. Өнүктүрүү фондунда 250 млн сом бюджетибиз бар болчу. Бардык айыл өкмөттөрдөн, райондордон келген кайрылууларды анализ кылып чыксак, бизде айыл өкмөттөр 40 пайыз техника сурашат экен. Алар эмне техника? «Экскаватор», «Погрузчик», «Мусорный машина», «Хово» - ушуларды сурап жатышат. 40 пайызы айылдардын ичине жол салуу маселесин сурап жатышат. 20 пайызы имараттарды оңдоп-түзөө иштерин суранышат экен. Ошону үчүн мен Өнүктүрүү фондунун быйылкы жылкы 180 млнуна «айыл өкмөттөргө техника сатып берели» деп комиссия менен чечим кабыл алдык. 1-2 айдын ичинде бизге 100 жаңы техника келет.
Ошонун ичинде 23 - «Мусорный машина» бар, 38 – «Экскаватор» бар, «Хово», «Погрузчик», «Грейдер» бар, андан тышкары «Бульдозер» сурагандар да бар. Ошонун баарын быйыл 1-2 айдын ичинде чечип беребиз. Азыр министрлик менен макулдашуу жүрүп жатат. Ошонун баарын биз жеринен чечип берейин деп жатабыз.
Быйыл облус боюнча техниканы чечип алсак, эмне үчүн техниканы чечели деген жыйынтыкка келдик. Ошол техникаларды чечип алсак, айылдарда «мусор» маселеси чечилет. Экинчиден, айылдарда каналдар тазаланат. Үүчүнчүдөн, жолуңарды өзүңөрдүн техникаңар менен салып, чечип аласыңар деген ниеттебиз», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

