"75чилердин каты": ЖКнын мурдагы төрагасы Тургунбек уулу каттын парламентке кантип жеткенин билдирди
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу журналисттерге “75 саясатчынын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу каты парламентке жалпы бөлүм аркылуу түшкөнүн” билдирди.
«Мен ал катты окуган эмесмин, көргөн да эмесмин. Ошол учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Кат колмо-кол берилбестен, каттар бөлүмү аркылуу келген. Ал кат тууралуу такыр кабарым болгон эмес», — деди ал.
Буга чейин парламенттин спикери Марлен Маматалиев “75тин каты” колмо-кол тапшырылганын, аны мурдагы төраганын жардамчылары жана кеңешчилери түз алып келгенин билдирген.
28-май күнү Биринчи май райондук сотунда бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сот отуруму өттү.
Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки жолу шайланган: биринчи жолу 2021-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин, экинчи жолу кийинки шайлоолордон соң. Ал бул кызматтан 2026-жылдын 19-февралында кеткен.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда. Бул иште Ташиевден тышкары дагы бир катар адамдар айыпталуучу катары өтүп жатат.
Кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилгендиктен, соттук отурумдар жабык режимде өтөт. Процесстин катышуучуларына тергөө материалдарын жана соттук териштирүүнүн чоо-жайын ачыкка чыгарууга тыюу салынган.
Бул иш “75тин каты” деп аталган кайрылууга байланыштуу болушу мүмкүн. Анда саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобу мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан кийин өлкөдө кадрдык өзгөрүүлөр башталып, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

