"Дөө Чыңгыз" жана Медет Садыркуловду өлтүрүүгө айыпталган жаран абакта жазасын өтөп жатканы айтылды

Санжар Сапарбеков №1 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатат, бул тууралуу 1-июнда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапарoв Сапарбековду ырайым кылып бошоткону тууралуу маалымат тараган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кабарды четке какты.

Сапарбеков президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси — Медет Садыркуловду жана «Дөө» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган.

2024-жылдын 12-апрелинде жазаларды кошуу жолу менен Сапарбеков 15 000 сом айып пул төлөө менен күчөтүлгөн режимдеги колонияда 17 жыл жана 3 ай мөөнөткө эркинен ажыратылган.

  • Саясатчы Медет Садыркулов, саясат таануучу Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылдын 13-мартында өлтүрүлгөн. Алардын сөөктөрү Кой-Таш айылынын жанында күйүп кеткен «Lexus 570» үлгүсүндөгү унаадан табылган. Кылмышкерлер окуяны жол кырсыгы катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
  • Жумагулов 2022-жылдын 30-июлунда №21 тергөө абагында киши колдуу болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз