Садыр Жапаров Фарид Ниязовго ырайым кылды

Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым кылды.

Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына 31-майда Президенттин администрациясынан тастыкташкан.

Ниязов Фарид Абилезимович — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал Кой-Таш окуясынан кийин, 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурган.

2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Ниязов башка саясатчылар сыяктуу эле абактан чыккан, бирок 9-октябрда кайрадан кармалган.

2025-жылдын 3-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Ниязовду 7 жыл 8 айга эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз