Кыргызстанда никотинге байланышкан оорулардын саны өсүп жатат - депутат
Кыргызстанда өпкө, жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле никотин жана ар кандай чылым аралашмаларын колдонууга байланыштуу онкологиялык оорулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу депутат Жылдыз Эгенбердиева Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Жыйында кальян кызматтарын жөнгө салуу тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анын максаты – бул тармакты мыйзамдаштыруу, көмүскө экономиканы кыскартуу, көзөмөлдү күчөтүү жана бюджетке түшкөн кирешени көбөйтүү.
Депутаттын айтымында, никотинсиз жана кошулмаларсыз кальян тарткан учурда да ден соолукка зыян келтирилет. Анткени түтүн жана көмүрдүн күйүү продуктулары адамдын организмине терс таасир этет. Бир жолу кальян тартканда адам дем аркылуу жуткан түтүндүн көлөмү бир нече тамеки чеккенге барабар болушу мүмкүн.
«Мындан тышкары, зыянды кальян тарткан адам гана эмес, ошол жайда отурган башка адамдар дагы көрөт. Бул, негизинен, пассивдүү чылым чегүүгө тете. Саламаттык сактоо министрлигине суроом бар: кальяндын жана ар кандай аралашмалардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча илимий маалыматтар жана статистика барбы?» — деди ал.
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев бул багытта изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.
«Биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер расмий суроо-талап жөнөтсөңүздөр, тиешелүү маалыматтарды беребиз. Жалпысынан алганда, Саламаттык сактоо министрлиги ар кандай чылым чегүүнүн бардык түрү ден соолукка зыян экенин дайыма эскертип келет», — деди ал.
Өз кезегинде депутат Жылдыз Эгенбердиева мыйзам долбоорун дагы жакшылап иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, документте санитардык талаптар жана кальянды колдонуу эрежелери жетиштүү деңгээлде так жазылган эмес.
«Мындан сырткары, 18 жашка чыга элек жарандар үчүн киргизилген тыюунун аткарылышын ким көзөмөлдөй турганы жана көзөмөл механизми кандай иштей турганы да так көрсөтүлгөн эмес. Менин оюмча, жоопкерчилик алкоголдук ичимдиктерди сатуудагыдай эле мекеме ээлерине жүктөлүшү керек. Алар кардардын паспортун текшерип, жашы жете электерди тейлөөдөн баш тартууга милдеттүү болушу зарыл. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигине ашыкча жүк жүктөөгө болбойт, анткени ал бардык жайларды күн сайын текшерүүгө мүмкүнчүлүк таппайт», — деди депутат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

