Бишкек: Кыздын этегин көтөрүп, дене мүчөсүн кармап качып кеткен жигит изделүүдө

31-майда Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде турган кызга чуркап келип, этегин көтөрүп, дене мүчөсүн кармалап, качып кеткен жигит изделүүдө. Жабырлануучу окуянын видеосун социалдык тармактарга жарыялаган.

«Видеону аяныч үчүн эмес, бул кырдаалды коомчулукка жайылтуу жана башкаларды эскертүү үчүн жарыялап жатам. Сураныч, эл көп жерде дагы этият болуңуздар», - деп жазган ал.

Биринчи май РИИБинен билдиришкендей, факт каттоого алынып, милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Кол салган адамдын өздүгү такталууда жана окуянын бардык жагдайлары аныкталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын аракеттерине укуктук баа берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз