Бишкекте аял киши токмоктолуп, шектүү катары күйөөсү кармалды

Аялын сабады деп шектелген жаран кармалганын 7-июнда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Бишкектин 4-кичи районунун тургуну кайрылган. Аялдын айтымында, 5-июнда ал күйөөсү менен урушуп кетип, андан кийин күйөөсү аны сабаган.

Шектүү катары 1991-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийинчерээк Октябрь райондук соту аны 1-тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз