Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин Рысбеков энергетика министринин орун басары кызматын ээлеп келген. 

А.Рысбековдун өмүр таржымалы:

1978-жылы 6-июнда жарыкка келген.

Билими:

  • 1995–2000 - Ош технологиялык университетинин энергетика жана транспорт факультетин аяктаган. Адистиги — инженер-электрик.

Иш тажрыйбасы:

  • 2022–2025 — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору;
  • 2022-жыл — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары;
  • 2021–2022 — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Чүй жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын директору;
  • 2019–2021 — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;
  • 2017–2019 — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун орун басары;
  • 2012–2017 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын директорунун орун басары;
  • 2010–2012 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2009–2010 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын подстанциялар кызматынын начальнигинин орун басары;
  • 2009 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын түштүк подстанциялар тобунун жетекчиси;
  • 2008–2009 — Ош жогорку вольттогу электр тармагынын диспетчери;
  • 2005–2008 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын түштүк подстанциялар тобунун жетекчиси;
  • 2002–2005 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын түштүк подстанциялар тобунун адиси;
  • 2002-жыл — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын «Памир» подстанциясынын нөөмөтчү-электромонтеру;
  • 2002-жыл — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын «Үч-Дөбө» подстанциясынын нөөмөтчү-электромонтеру;
  • 2000–2002 — Ош жогорку вольттогу электр тармактары ишканасынын түштүк подстанциялар тобунун электрослесары.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз