Грузин премьер-министри эмне деди?
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин билдирүүсү:
Урматтуу Президент мырза, делегация мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Бүгүн Кыргыз Республикасында расмий делегация менен жүргөнүмө абдан кубанычтамын. Элдерибизди жана өлкөлөрүбүздү тарыхый жактан бекем байланыштар бириктирип турганына карабастан, бүгүнкү сапар мамлекеттерибиздин ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги алгачкы визит болуп саналат. Ошондуктан бул сапарды тарыхый визит деп атоого толук негиз бар. Ал Грузия менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыгына жаңы дем берип, мамилелерди дагы да өнүктүрөт деп ишенем.
Биз кесиптештерибиз менен эки өлкөнүн кызматташтыгы, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги түрдүү маселелер боюнча мазмундуу жана пайдалуу сүйлөшүү өткөрдүк. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Президенти менен биргелешкен билдирүүгө жана келечектеги кызматташтык үчүн жакшы шарттарды түзө турган эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кыргыз тарапка жогорку деңгээлдеги меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем.
Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. Ушул маанилүү датага байланыштуу Президент мырзаны жана жалпы кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалайм. Ошондой эле Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн туруктуу жана принципиалдуу түрдө колдоп келатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Грузия Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш гана эмес, достук мамиледеги мамлекет катары да баалайт. Мунун негизинде элдерибиздин ортосунда калыптанган тарыхый достук жатат.
Кеңейтилген курамдагы жолугушууда грузин-кыргыз кызматташтыгынын кеңири багыттары, ошондой эле аймактык жана глобалдык маанидеги маселелер талкууланды. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду. Бул багыттагы кызматташтыктын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленди.
Ошондой эле Грузия менен Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүгү тууралуу сөз болду. Бул багыттагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да улана берет деп ишенебиз.
Мындан пайдаланып, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын тарыхый жетишкендик катары баалап, Президент мырзаны жана жалпы Кыргызстанды куттуктайм.
Жолугушууда транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыктын келечеги да талкууланды. Биз Ортоңку коридордун (Middle Corridor) маанилүүлүгүн белгилеп, аны өнүктүрүү жана кошумча жүктөрдү тартуу боюнча аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледик.
Биз Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашырылышын чоң кызыгуу менен байкап жатабыз жана анын ыкчам темпте жүрүп жатканына кубанычтабыз. Бул долбоор Борбор Азия менен биздин аймактын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кошумча салым кошот. Өз кезегинде Грузия транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө ири инвестицияларды багыттоодо. Бул процесстер аймактар аралык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого олуттуу көмөк көрсөтөт деп эсептейбиз.
Биз Бишкекте өткөн Грузия менен Кыргызстандын экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынын да кубаттайбыз. Бул абдан өз убагында өткөрүлгөн жыйын болду, анткени тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.
Мындан тышкары, туризм тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туристтердин агымын көбөйтүү маселесине да токтолдук. Бул экономикалык жактан гана эмес, элдерибиздин байланышын чыңдоо жагынан да маанилүү. Грузия менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу туризм тармагындагы кызматташтыкты дагы өнүктүрөрү белгиленди.
Биз эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды улантууну жана туруктуу диалогду сактоону маанилүү деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу Президент мырзаны өзү үчүн ыңгайлуу убакта Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырдым. Бул сапар жакынкы келечекте ишке ашат деп үмүттөнөбүз.
Өлкөлөрүбүздүн, элдерибиздин жана жалпы кызыкчылыктарыбыздын жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелер мындан ары дагы ылдам өнүгөт деп ишенем.
Сөзүмдүн аягында өзүмдүн жана делегация мүчөлөрүнүн атынан жылуу кабыл алууңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргызстандагы өнүгүүнүн таасирдүү темптерин көрүп, эки өлкөнүн мамилеси келечекте дагы бекемделет деп ишенебиз.
Дагы бир жолу чоң рахмат айтып, сиздерге ийгиликтерди каалайм.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

