Кыргызстанда алимент төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди жана жеке сот аткаруучулардын институту легалдаштырылды
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июнунда аткаруу өндүрүшү тармагындагы бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу №79 мыйзамга кол койду.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске алимент төлөөдөн качкандык үчүн административдик жоопкерчиликти караган жаңы 443¹-берене киргизилди.
Ага ылайык, үч айдан ашык мөөнөткө алимент боюнча карыз топтогон ата-энелер үч суткага чейин камакка алынат. Эгер мындай мыйзам бузуу кайталанса, жети суткага чейин камак каралган. Ушундай эле жаза эмгекке жарамсыз ата-энесин багуудан баш тарткан бойго жеткен балдарга да колдонулат.
Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесиндеги санкциялар да катаалдатылды. Эми алимент төлөөдөн атайылап жана туруктуу түрдө качкан адамдар 100дөн 200 саатка чейинки коомдук иштерге тартылат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат. Оордотуучу жагдайлар болгон учурда жаза мөөнөтү үч жылга чейин көбөйүшү мүмкүн. Ошондой эле бул берене боюнча соттолгондор алимент боюнча карызын толук төлөмөйүнчө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу жоболорду пайдалана алышпайт.
Мыйзам менен жеке сот аткаруучулары институту да киргизилди. Аларга мамлекеттен өндүрүп алуу иштеринен, мүлктү конфискациялоо, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн көчүрүү жана имараттарды бузуу, ошондой эле балдарды алып коюу боюнча иштерден башка аткаруу документтеринин көпчүлүк түрлөрүн өндүрүшкө кабыл алууга уруксат берилди.
Жеке сот аткаруучу болууга талапкерлер Кыргызстандын жараны болушу, кеминде 25 жашка толушу, жогорку юридикалык билимге ээ болушу, алты айдан кем эмес стажировкадан өтүшү же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу жана квалификациялык экзамен тапшырышы керек. Ал эми беш жылдан ашык иш тажрыйбасы бар судьялар жана прокурорлор күбөлүктү экзаменсиз ала алышат.
Жеке сот аткаруучунун кызмат акысы карызкордон өндүрүлөт. Ал өндүрүлгөн сумманын көлөмүнө жараша 3 пайыздан 25 пайызга чейин белгиленет. Мүлктүк эмес талаптар боюнча тариф жеке жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Жеке сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө Жеке сот аткаруучулардын палатасына жана Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына жүктөлдү. Тартиптик чаралар катары эскертүү берүү, күбөлүктүн аракетин убактылуу токтотуу же толук жокко чыгаруу каралган.
Мыйзам сот аткаруучулардын ыйгарым укуктарын дагы кеңейтет. Эми алар карызкорлорду мамлекеттер аралык издөө жарыялоого жана эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин аймагында аткаруу аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу болушат.
Мындан тышкары, милдеттенмелердин реестри түзүлөт. Анда аткарылбай калган талаптар боюнча аткаруу документтерине тиешелүү маалыматтар он жыл бою сакталат.
Жарандык кодекске дагы өзгөртүү киргизилип, банктагы эсептен каражаттарды кардардын макулдугусуз эсептен чыгарууга соттун чечими болгон учурда же мыйзамда, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишимде каралган учурларда гана жол берилери такталды.
Ошондой эле Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылган ченемдик-укуктук актыларды эки айлык мөөнөттө кабыл алуу тапшырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

