Ысык-Көлдөгү күн электр станциясы бирдиктүү энергетикалык системага туташтырылып, 28,7 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүргөн, - президент
14-июнда, Президент Садыр Жапаров катышкан салтанатта Ысык-Көлдө жалпы долбоордук кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясы ишке киргизилди.
Мамлекет башчысынын айтымында, долбоордун биринчи этабы толук кубаттуулукка чыккан соң станция жылына болжол менен 295 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Учурда күн электр станциясы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна туташтырылып, тармакка 28,7 миллион кВт/саат электр энергиясын берип үлгүрдү.
«Өндүрүлгөн электр энергиясы негизинен Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын камсыздоого багытталууда. Долбоордун кийинки этаптары ишке ашырылган сайын ал өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана ички электр энергиясына болгон суроо-талапты канааттандырууга олуттуу салым кошот деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.
Ал акыркы жылдары Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири пайдаланууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Өлкөбүз күн, гидро жана шамал энергетикасы боюнча зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бүгүнкү долбоор ошол мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга багытталган ири жана стратегиялык мааниге ээ демилгелердин бири болуп саналат. Жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон бул күн электр станциясынын бардык этаптарын курууга дээрлик 1,5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Ал эми бүгүн ишке берилген кубаттуулугу 175 МВт болгон биринчи этапка 131 миллион АКШ доллары инвестиция салынат. Азыркы учурга чейин анын 80 миллион доллардан ашыгы өздөштүрүлдү», — деп түшүндүрдү президент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

