Нурбек Сыдыгалиев: "Эгерде Ташиев ошол учурда кызматтан алынбаганда, окуя башкача болуп кетмек"
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев «75чилердин катын» парламент аркылуу кандай өткөнүн толугу менен ачыктап, документ кайсы кызмат адамдары аркылуу тиешелүү комитетке жеткенин айтууга чакырды. Ал бул тууралуу 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул маселени талкуулап жатканда чындык толугу менен айтылышы керек.
«Силер кат онунчучислодо келген деп айтып жатасыңар. Анда аны спикердин кайсы орун басарына беришкенин жана комитетке ким жөнөткөнүн так айтыш керек. Фамилияларын атагыла. Ошол кезде спикердин үч орун басары бар эле, алардын кайсынысы жөнөткөнүн айтуу зарыл», — деди Сыдыгалиев спикерге кайрылып.
Ошондой эле ал Камчыбек Ташиев ошол учурда кызматынан алынбаганда, окуялар башка нукта өнүгүшү мүмкүн болгонун белгиледи.
«Дал ошол себептен кат бул жерде кармалып калган. Ал онунчучислодо келген, бирок аны он үчүнчү числодо комитетке ким жөнөткөнүн айтыш керек», — деди депутат.
Сыдыгалиевдин пикиринде, бул иш боюнча айыпталуучулар коюлган берене боюнча тергөө бүткүчө камакта болушу керек болчу.
«Мындай оор айып тагылгандан кийин шектүүлөр камакка алынышы керек эле. Тергөө да, сот процесси да алардын камакта отурган учурунда өтүшү зарыл болчу», — деди ал.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сот процесси жабык болбой калгандан кийин каттын жүрүшү тууралуу маалыматты жашыруунун мааниси жок экенин билдирди.
Анын айтымында, кат ал кездеги төрага Нурланбек Шакиевге даректелген. Андан соң документ анын жардамчысы жана кеңешчиси Алайбек аркылуу өтүп, кийин ошол кездеги вице-спикер Чыңгыз Ажыбаевге жеткен.
«Ал документти бир аз убакыт кармап, процедуралык маселелерди тактаган. Андан кийин кат Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушевге жөнөтүлгөн. Ал комитет башчысы катары документти кароо үчүн тиешелүү бөлүмгө өткөрүп берген. Процедура ушундай болгон», — деди Маматалиев.
Ал буга чейин бул маалыматтар ачыкталбаганын, анткени иштин материалдары жашыруун болгонун белгиледи. Бирок сот процесси ачык өтө баштагандан жана маалыматтар ЖМКларга чыккан соң, бул тууралуу кененирээк айтууга муктаждык жаралганын кошумчалады.
Сыдыгалиев ошондой эле төмөнкүлөрдү айтты:
«Ооба, чындыкты айтыш керек. Мен УКМКнын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштагандарды колдойм. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында бул жакка автоматтарды ким алып келгенин аныктоо зарыл. Ошого да укуктук баа берилиши керек. Бул жерде отурган депутаттардын жарымы ошол учурда да болгон. Мындай иштер дагы көп», — деди ал.
Маселенин тарыхы
Бул иш боюнча жалпысынан 8 адам өтүүдө: мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутат Курманкул Зулушев, саясатчылар жана коомдук ишмерлер Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Курсан Асанов, Эмильбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев. Акыркы бешөө учурда камакта.
15-июнга чейин сот айрым күбөлөрдү суракка алган. Алардын арасында мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, мурдагы депутат Иса Өмүркулов, маданият ишмери жана мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов, депутат Эльвира Сурабалдиева жана парламент аппаратынын кызматкерлери болгон.
Иште аты-жөнү жашырылган үч күбө бар. Алардын көрсөтмөлөрү өздөрү катышпастан эле окулат.
Бул иш «75чилердин каты» деп аталган документке байланыштуу. Анда бир топ саясатчылар жана коомдук ишмерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан кийин өлкөдө кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы кызматтарынан бошотулган.
Айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга даярданган деген айып тагылууда. Ал эми Камчыбек Ташиевге мындан тышкары кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча да айып коюлган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

