ДЧ: Канада алгачкы ирет жеңишке жетишти

Канада курама командасы өз үйүндө өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатындагы алгачкы жеңишине жетишти.

Тайпалык баскычтын экинчи турундагы беттеште канадалыктар Ванкувер шаарында Азиянын учурдагы чемпиону болгон Катар курама командасына каршы ойношту.

Беттеш 6:0 эсебинде Канаданын ири жеңиши менен аяктады.

Канадалыктардын курамында Жонатан Дэвид үч гол киргизип, бомбардирлер жарышында Лионель Мессинин көрсөткүчүнө теңелди.

B тайпасы

2-тур

Канада — Катар — 6:0

Голдор:

  • Кайл Ларин, 16-мүнөт (1:0)
  • Жонатан Дэвид, 29-мүнөт (2:0)
  • Жонатан Дэвид, 45+3-мүнөт (3:0)
  • Натан Салиба, 64-мүнөт (4:0)
  • Мохаммад Аль-Маннайдын автоголу, 75-мүнөт (5:0)
  • Жонатан Дэвид, 90+2-мүнөт (6:0)

Кызыл кагаз алгандар:

  • Хомам Аль-Амин, 33-мүнөт (Катар)
  • Ассим Мадибо, 53-мүнөт (Катар).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз