Марлен Маматалиев: Чөөлөр арстанга кол салып жатканын унутуп калышты

18-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда парламент төрагасы Марлен Маматалиев 75 кишинин каты боюнча уланып жаткан соттук процесстерге жана мурдагы кесиптештеринин иш-аракеттерине комментарий берди.

«Жаңы төрага болуп шайланып келгенден кийин бул жерде ошол кат боюнча өтө чоң талкуу жүрүп, ар кандай божомолдор айтылып, керек болсо ошол жерде жабышып отургандар бири-бирин сата баштаган.

Түрдүү божомол болбосун деп атайын комиссия түздүк. Каттын бул жакка келип жүрүшүн аныктоо багытында күчтүү юристтерди, аппарат кызматкерлерин жана депутаттарды карап бериңиздер деп, чогуу караттык. Аны биз тергөөгө өткөрүп бердик. Тергөөчүлөр өздөрү толук түрдө жумушун алып барып, сотко өткөрдү. Бүгүн сот жүрүп атат. Көп депутат сүйлөйүн деген. Бирок биз сотко, тергөөгө басым болуп калбасын деп сүйлөгөн эмеспиз. Бирок бүгүн сүйлөгөнгө туура келип жатат. 

Мен эми баарын айтпасам дагы, аттарын атабасам дагы, толугураак маалымат берип коёюн. Ал катты чындыгында күтүп алуу боюнча бир кызматкерге команда берилген. Аны каттатпай кармап тур деп айтылган. Катта туура эмес дарек жазылган. Аны оңдоп, кайра алып келет. Кайра эки сааттан кийин: "Төраганын атына каттатасың", - деп экинчи команда келет. Ошол жерде биздин тийиштүү бөлүм башчы, кызматкерлер төрагага каттайт.

Каттоо ар кандай жүрөт: кээде түз эле комитетке каттаса болот. Катты мурдагы төрага Тургунбек уулунун кабылдамасына алып барып берет. Ошол жакта анын кеңешчиси, жардамчысы алат дагы: "Менде болсун", - дейт. [Тургунбек уулу] орун басарына комитетке түшүрсүн деген буйрук берет. 

Кече күнү сотко барган кызматкерлер кыйыр күбөлөр, түз тиешеси барлар жабык отурумда айтышкан. Алар өзүнүн өмүрүнөн да корккон. Азыр деле коркуп жатышат. Сот ачык болуп өтө баштаганда алардын көрсөтмөлөрү көрүлгөн жок. Кыйыр күбөлөр уккандарын гана айтып жатышат.

"Билбей калдым, көрбөй калдым", - деп актанып жаткандарга айтат элем. Бардыгын билишкен. Ал каттын жүрүшү орто жолдо бузулуп кетпегенде эмне болмок эле?

Президенттик шайлоонун өтө турган мөөнөтүн 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембиси деп кабыл алып бергенбиз. Ошол датаны эле эртерээк кылам деген ниет болгондур.

Билесиздер, ага чейин коомчулукту даярдап жаткан. Ар кандай эксперттер чыгып: "Бир жыл эрте отуруп, көп отуруп калды, шайлоо болуш керек", - деген маалыматтарды коомчулукка байма-бай жайылтып жаткан. Демек, бул дагы өзүнчө бир даярдык болгон. Көп нерсе болуп кетмек. Айтор, мамлекетибиздин ыдырап кетүү коркунучу болгон.

Кат Шакиевге келген. Шакиев аны өзүнүн Алайбек деген кеңешчиси, жардамчысы аркылуу ошол учурдагы төраганын орун басары Чыңгыз Ажыбаевге алып келген.

Ал бир аз кармап, процедураны тактап, андан кийин кат ылдый Зулушевге түшкөн. Зулушев комитеттин төрагасы катары кароо үчүн бөлүмгө түшүргөн. Мына процедура ошол. 

Кайсы кат келбесин, тийиштүү комитеттерге же бизге тиешеси жок болсо, аппарат жетекчиси же орун басарлары каралбайт деп коёт. Ушул сыяктуу эле кат кайра кетиши керек эле. Тилекке каршы Конституциялык комитетке чейин түшүргөнү анын атайын максаты болгонун билдирет. 

Үч-төрт вариант менен бул жакка чечимдерди алып келип, депутаттарга: "Конституция бузулуптур, Конституция боюнча мындай болуш керек экен", - деп айтып, мыйзамды өткөргөнгө аракет болмок.

Жөнөкөй сөз менен айтканда зашакалить хотели. Но при этом эти шакалы и шакалёнки забыли, что они нападают на льва. И никогда такого не было, чтобы шакал победил льва. А за львом стоят 7 млн людей», - деди Маматалиев. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз