Норвегия Сенегалды утуп, өз тайпасынын башкы сабына жайгашты
Норвегиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында экинчи жеңишине жетишти.
I тайпасынын экинчи турунун оюнунда норвегиялыктар Сенегалдын футбол боюнча курама командасына каршы ойноп, 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Эки топту Эрлинг Холанд киргизсе, бир жолу Маркус Педерсен айырмаланды. Сенегалдын курамында Исмаила Сарр дубль менен белгиленди.
Оюндун жыйынтыктоочу эсеби — 3:2. Норвегия 6 упай топтоп, киргизилген жана өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Францияны артта калтырып, тайпанын лидери болду.
Франциялыктар бул турда Иракты 3:0 эсебинде утуп алышты.
Тайпалык этаптын акыркы турунда Франция менен Норвегия тайпадагы 1-орун үчүн өз ара ойношот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

