Жумгалдык аял президенттен зордуктоого айыпталып кармалган күйөөсүнө ырайым берүүнү суранды

Жумгал районунун тургуну президенттен күйөөсүнө ырайым берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал зордуктоо беренеси боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Аялдын айтымында, үй-бүлөдө эки бала бар, алардын бири майып. Мындан тышкары, күйөөсүнүн дагы эки майып бир тууганы бар. Ал үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болгон. Учурда үй-бүлө батир ижаралап жашап, оор материалдык абалда күн кечирүүдө.

Президент Садыр Жапаров аялдан Ырайым берүү маселелери боюнча комиссияга кайрылган-кайрылбаганын жана бул күйөөсүнүн биринчи кылмышы экенин тактады. Аял бул анын биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылышы экенин билдирди.

Мамлекет башчысы ага тиешелүү комиссияга кайрылып, расмий түрдө ырайым берүү тууралуу арыз тапшырууну сунуштады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз