ЖК адаптивдик спорт жана спорт федерацияларынын ишмердүүлүгү боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды
Жогорку Кеңеш 25-июнда «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Документ адаптивдүү спортту, анын ичинде угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн спортту өнүктүрүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунда сурдлимпиадалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү, спорт федерацияларынын мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсүн жөнгө салуу, ошондой эле улуттук курама команданын курамында болгон мөөнөттү эмгек стажына кошуу боюнча нормалар каралган.
Негиздеме маалымкатында белгиленгендей, Сурдлимпиада оюндары 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет жана аны Эл аралык Олимпиада комитети тааныйт. Кыргызстан бул оюндарга 2009-жылдан бери катышып, 2022-жылы Бразилияда өткөн Сурдлимпиадада 6 медаль, ал эми 2024-жылы Азия-Тынч океан оюндарында 18 медаль уткан.
Мыйзам долбоору ошондой эле спорт федерацияларын аккредитациялоо тартибин киргизип, спорттук иш-чараларда коопсуздукту камсыздоо чараларын күчөтүүнү карайт. Бул чаралар 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында да маанилүү болуп саналат.
Мындан тышкары, спортчулардын социалдык корголушун күчөтүү максатында улуттук курама команданын курамында болгон мезгилди камсыздандыруу стажына эмес, эмгек стажына кошуу сунушталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

