Эми кыргызстандыктар Орусияга киргенден кийин «RulD» тиркемесинен каттоодон өтүшү керек
Бүгүн, 1-июлдан баштап Орусияда КМШнын визасыз өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.
1-июлдан тарта Россиянын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1. App Store, Google Play'ден «RulD» мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу;
2. Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен өзүн каттоодон өткөрүү;
3. Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу датасын, бара турган аймакты көрсөтүү;
4. Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үнүн жайгаштыруу;
5. Кирүү үчүн арыз берүү жана чек ара көзөмөлүнө көрсөтүү үчүн QR-код алуу, ал жол-жоболоштурулган күндөн тартып 90 күнгө чейин жарактуу болот.
Арыз мамлекеттик чек араны кесип өткөнгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен таризделиши керек. Жакын тууганынын оор илдети же каза болушу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарда, чек арадан өтүүгө кеминде 4 саат калганда арыз берүүгө жол берилет.
Ошондой эле, Россияга кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү биометрикалык идентификациялоо — сүрөткө тартуу жана манжа издерин алуу улантылууда.
КР Эмгек министрлиги эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган КМШга мүчө мамлекеттердин кесипкөй айдоочуларынын Россияда убактылуу болуу мөөнөтү бир календардык жыл ичинде 180 суткага чейин көбөйгөнүн эскертет. Бул үчүн чет өлкөлүк жарандар белгиленген тартипте Россияга кирүү жана болуу (жашоо) максаты тууралуу арыз берүүсү шарт.
Министрлик 1-июлдан тарта эмгек ишмердүүлүгү, окуу же башка негиздер боюнча Россияга сапар пландап жаткан жарандарга чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, «RuID» тиркемесинде каттоодон өтүүнү сунуштайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

