Ысык-Көл облусундагы фототузактарга илбирс, сүлөөсүн өңдүү жаныбарлар түштү

Ысык-Көл облусунун Жетим-Бел кырка тоосунун Сөөк ашуусуна жана "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркына өткөн 2025-жылы октябрь айында коюлган фототузактарга илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик, каман сыяктуу жаныбарлар түштү. Бул тууралуу НАБУ Кыргызстан уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орнотулган фототузактарды аталган  уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн жана "Каракол" жаратылыш паркынын кызматкерлери 22-28-июнь күндөрү барып, чечип келишти.

«Учурда фототузактар аркылуу алынган фотомаалыматтар анализденип, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы боюнча маалыматтар такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Фототузактарды орнотуу – жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрү да алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылып жатат.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз