"Манас" аэропортундагы кырсыктын чоо-жайы айтылды

«Кыргызстан аэропорттору» компаниясы «Манас» аэропортундагы учак менен болгон окуянын чоо-жайын билдирди.

Окуя 7-июлда күндүз болуп, Бишкек — Ош багытындагы каттамды аткарып жактан «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы кырсыктаган.

Аэропорттун маалыматы боюнча, учуу маалында арткы шассинин бири сынып, натыйжада учак сол канаты тарапка ооп калган. Учуу тилкесинде ылдамдык анча чоң эмес болгондуктан, учкучтар самолетту токтотушкан.

Токтогондон кийин учак сол капталына ооп, авиакеросин төгүлгөн. 

Учактын бортунда жалпысынан 181 жүргүнчү, 2 учкуч жана 4 борт коштоочусу болгон.

Буга байланыштуу «Манас» аэропортундагы бардык каттам токтотулду. Жүргүнчүлөрдүн арасында олуттуу жабыркагандар жок. Кырсык болгон жерде аэропорттун жетекчилиги да иш алып барууда. Бул окуя боюнча комиссия түзүлөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз