Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып кетти

Сүрөт: АКИпресс.

Бишкекте тез медициналык жардам унаасы жол кырсыгынын кесепетинен оодарылып калды. Маалыматты борбор калаанын Тез медициналык жардам борбору тастыктады, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

9-июлда саат 10:40та тез жардам бригадасы чакыруу боюнча бара жаткан. Щербаков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде башка унаа менен кагылышуу болуп, мунун кесепетинен тез жардам унаасы оодарылып калган.

Кырсыктын кесепетинен тез жардамдын айдоочусу жана дарыгери жабыркады. Алар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды.

Алдын ала маалымат боюнча, дарыгерден жана айдоочудан баш мээнин жабык жарааты жана чайкалышы аныкталган. Айдоочунун сол саны көгөргөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз