Екатеринбургда эки кыргыз жаранын автобус сүзүп кетти

Екатеринбург шаарында эки кыргызстандык жаранды автобус сүзүп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 8-июлда саат 12:00дөн 13:00гө чейинки аралыкта Чкалов районундагы Полевской трактында жүргүнчү ташуучу автобус КР жарандары: 1993-жылы туулган Б.К. жана 1991-жылы туулган Э.Н. аттуу жарандарды сүзгөн.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбургдун №24 шаардык клиникалык ооруканасына барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алышты. Андан соң Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнөн кырсыктын чоо-жайын билип, кырдаалды көзөмөлгө алышты.

«Учурда Башкы консулдук Россиянын компетенттүү органдары жана жабыркагандардын жакындары менен туруктуу байланышта. Бул маселе ТИМдин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат», - деп жазылган маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз