Чек ара кызматы чек араны тосмосун текшерүү иштери боюнча тартылган видеонун коомчулукка жарыяланып кетиши боюнча териштирүү иштерин баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек ара тилкесине орнотулуп жаткан инженердик тосмолордун тирөөчтөрүнүн цементтик пайдубалынын сапатына байланыштуу социалдык тармактарда тараган видеолор боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган видео инженердик тосмолорду орнотуу иштеринин сапатын текшерүү боюнча комиссиялык кароо учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан тартылган.

Атайын комиссия кемчиликтерди аныктоо, технологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жана мамлекеттик чек арадагы инженердик жабдуулардын тийиштүү сапатын камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

«Текшерүү учурунда тирөөчтөрдүн биринин цементтик пайдубалы талаптагыдай бекемдикке жете электиги жана толук катып бүтүшү үчүн кошумча убакыт керек экени аныкталды. Ошондой эле аткаруучулар цемент аралашмасын даярдоо жана куюу боюнча белгиленген технологияны сактаган-сактабаганы текшерилди.

Видео табылган кемчиликтерди документтештирүү, аларды жоюу жана иштерди аткарууга жооптуу кызмат адамдары менен бөлүмдөргө карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн кызматтык максатта гана тартылган.

Мындай текшерүүлөр ведомстволук көзөмөлдүн кадимки бөлүгү болуп саналат жана кемчиликтерди жашырууга эмес, тескерисинче, аларды өз убагында аныктап, жоюуга багытталган.

Кемчиликти дал чек ара кызматынын аскер кызматкерлери өзү каттагандыгы мекемеде мамлекеттик чек арадагы инженердик жабдуулардын сапатына системалуу көзөмөл жүргүзүлөрүн тастыктайт», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын ички коопсуздук бөлүмү кызматтык пайдаланууга арналган видеоматериалдын сыртка чыгып кетиши жана таралышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Жазууга кимдер жеткиликтүү болгондугу, анын үчүнчү жактарга кандай жагдайда берилгени жана кийин эмне себептен жайылтылганы такталууда.

«Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн чыныгы маңызын эске албай, кызматтык видеону коомчулукка таратып, фактыга туура келбеген жыйынтыктар менен коштогон адамдардын аракетине өзүнчө укуктук баа берилет. Мындай аракеттер коомчулукту Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу жаңылыш түшүнүккө алып келди.

Эгер алардын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгилери аныкталса, тиешелүү материалдар мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык материалдарды бурмалоо аракеттерин жана аскер кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн каралап, мамлекеттик чек аранын ишенимдүү корголушуна шек келтирген жалган маалыматтарды таратууну жол берилгис көрүнүш катары баалайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз