Испания Францияны утуп, финалга чыкты
Испаниянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын биринчи финалисти болду.
15-июлга караган түндө жарым финалдык беттеште испаниялыктар Франциянын курама командасына каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Голдорду Микел Оярсабал (пенальти) жана Педро Порро киргизишти.
Испания финалга чыкты, ал жерде Англия-Аргентина жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.
Франция болсо 3-орун үчүн күч сынашат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

