Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысы аткезчиликти уюштурган деген шек менен кармалды
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жүктү аткезчилик жолу менен өткөрүүнү уюштуруу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, ошондой эле ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталды.
Башкы прокуратура билдиргендей, аталган кылмыштарды жасоого шектүү катары Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысы — аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, подполковник М.А. кармалып, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан чек ара кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттерди жашыруу фактылары болушу мүмкүн экендигин аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн алкагында кылмыш тууралуу өз убагында билдирбөө жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен байланышкан аракеттерге юридикалык баа берилет.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

