Садыр Жапаров ТМУнун башкы катчысы менен жолугушту

23-июлда Чолпон-Ата шаарында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы  Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын билдирди.

Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун демилгелерди илгерилетүүдөгү өзгөчө ролун айтып, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин көрсөттү.

Президент уюм мындан ары да маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруусу керектигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Башкы катчы болсо Кыргызстанга Түрк мамлекеттери уюмунун ишине бекем берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жолугушуунун жүрүшүндө биз мамлекет башчыларынын чечимдерин ишке ашырууну, экономикалык интеграцияны тереңдетүүнү, транспорттук өз ара байланышты чыңдоону, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү талкууладык. Ошондой эле, мен президент Садыр Жапаровдун биздин жалпы приоритеттерибизди колдоодо Түрк инвестициялык фондунун маанилүү ролуна басым жасаганын кубаттадым», - деп жазды Кубанычбек Өмүралиев X социалдык тармагында.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз